Кыргызстандык оор атлетчи дүйнө чемпионатында чакан коло медаль жеңип алды

Спортчу дүйнөлүк биринчиликте төртүнчү орунду багындырды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков дүйнө чемпионатында чакан коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаменти маалымдады.
Билдирмеге ылайык, кечээ, 13-декабрда, Колумбияда өткөн дүйнө биринчилигинде Расулбеков 102 килограммга чейинки салмак категориясында күчүн сынаган. Анда ал жулкуп көтөрүүдө 171 килограмм салмакты, түртүп көтөрүүдө 217 килограмм салмакты көтөргөн. Экинчи тапшырманы ийгиликтүү аткарып, Расулбеков чакан коло медалга татыктуу болду.
Анткен менен жалпы жыйынтыкта сумма 388 килограммга жетип, кыргызстандык спортчу дүйнө чемпионатында төртүнчү орунга ээ болду.
Жеңилип баратып утуп алды. Балбан Амантур Исмаиловдун коло алган видеосу