Акылбек Жапаров: бүгүн тарыхый күн, Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды

Өкмөт башчы кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө түрткү гана болбой өлкөгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргыз Республикасы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды, бүгүн тарыхый күн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине болгон иш сапарынын алкагында AD Ports Group жана Maqta Gateway ири компаниялары менен келишимдерге кол коюу салтанатында айтты.
1 / 4

Дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргыз Республикасы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды, бүгүн тарыхый күн

2 / 4

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине болгон иш сапарынын алкагында AD Ports Group жана Maqta Gateway ири компаниялары менен келишимдерге кол коюу салтанатында айтты

3 / 4

Өкмөттүн маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүндө Жапаров кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө түрткү гана болбой өлкөгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берерин белгилегени айтылат

4 / 4

Экинчи макулдашууга ылайык, Maqta Gateway КР Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.

Өкмөттүн маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүндө Жапаров кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө түрткү гана болбой өлкөгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берерин белгилегени айтылат.
"БАЭ менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагында эки негизги документке кол коюлган. КР Экономика жана коммерция министрлиги менен AD Ports Group кол койгон документтин алкагында Эмират компаниясы логистикалык борборду жана бажы аймагын өнүктүрүү жана иштетүү үчүн аймактагы эң заманбап портко - Абу Дабидеги Халифа Портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД – (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi (KEZAD) эркин экономикалык аймагында 300 миң чарчы метрден ашык жерди бөлүп берген", — деп айтылат маалыматта.
Экинчи макулдашууга ылайык, Maqta Gateway КР Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.
"Бул келишимдерге кол коюу эркин экономикалык аймактарды башкаруу жана секторду санариптештирүү сыяктуу тармактарда AD Ports Group ээлеген алдыңкы позицияны белгилеп, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болот. Өкмөтүбүздүн экономикалык өнүгүү планына ылайык, биз башка аймактарда өнүгүүнү улантып, Борбор Азияны AD Ports Group аркылуу өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанилүү багыт катары карайбыз. Бизге көрсөтүлгөн ишеним үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз жана санариптештирүү, эл аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз”, — деди AD Ports Group компаниялар тобунун башкаруучусу жана башкы директору Мохамед Жума Аль Шамиси.
AD Ports Group эркин экономикалык аймагы кластерлеринин башкы директору Абдулла аль-Хамели Экономика жана коммерция министрлиги менен түзүлгөн макулдашуу эки өлкөнүн ортосундагы жаңы мамиленин башталышы болот деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде, Maqta Gateway аткаруучу директору Нура Аль Дахери компания үчүн Кыргызстан өкмөтү менен биргеликте бажы жана чек араны башкаруу, ошондой эле соода жана логистикалык кызматтарды интеграциялоо боюнча улуттук “бирдиктүү терезени” иштеп чыгуу боюнча комплекстүү чечимдерди иштеп чыгуу чоң сыймык экенин баса белгиледи.
Жапаров ЕАЭБ кайсы регионго көбүрөөк көңүл бурушу керектигин айтты