Бир суткада Кыргызстанда КРВИ жана грипптин 10 миңдей учуру катталды

Илдетке кабылгандардын 70 пайызга жакыны 14 жашка чейинки балдар.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Өлкөдө акыркы бир сутка аралыгында 9 788 адамдан курч респиратордук вирустук инфекция, 21 кишиден сасык тумоо аныкталды, бул мурунку күндөгүдөн 1,3 эсеге көп. Мындай маалыматты Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Билдирмеге ылайык, 5-декабрдан 11-декабрга чейин республика боюнча 14 миң 78 адам КРВИ жана сасык тумоо жуктурган (КРВИ — 13 993, грипп — 85). Мындан мурунку аптада оору жуктургандардын саны 9 324 болчу. Бул КРВИ, сасык тумоо менен ооругандардын саны жума ичинде 1,5 эсеге көбөйгөндүгүн билдирет. Илдетке кабылгандардын 68,7 пайызы 14 жашка чейинки балдар.
Адистер муну аба ырайынын сууктап кетиши менен байланыштырууда. Муздакта организмдин коргонуу механизми төмөндөп калары айтылат.
Бишкектеги ооруканаларда сасык тумоологондорго орун жетеби? Министрликтин жообу