Өлкөгө Россиядан "вакцинатор" автоунаасы менен кошо дары-дармек келди. Видео

2022-2023-жылдар ичинде 150 миң адамды аталган ооруга каршы эмдөө пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Россия Кыргызстанга "вакцинатор" унаасын берди. Бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги унаа менен тааныштырып, маалымат берди.
Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстанда калкты сарыктын B түрүнө каршы эмдөө кампаниясы башталат.
Мекемеден билдиргендей, "вакцинатордо" экспресс-тест алынып, 15 мүнөттөн кийин жыйынтыгы чыгат да адам эмделет.
"Медициналык жабдык Россиянын СПИД жана башка жугуштуу оорулар менен күрөшүү үчүн Чыгыш Европа, Закавказье жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө жардам программасынын алкагында берилди. Аталган программа боюнча Кыргызстанга КамАЗ унаасына орнотулган мобилдик клиника да келди, учурда ал Нарын облусунда иштеп жатат. Дагы эки мобилдик клиника жакынкы күндөрү алып келинет. 2014-жылдан бери Россия Кыргызстанга тогуз мобилдик клиника берген. Үстүбүздөгү жылы Россиядан гепатиттин В түрүнө каршы 350 доза вакцина, ВИЧ, сифилис, гепатиттин В жана С түрүн аныктоочу 225 миң экспресс-тест келди", — деди саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.
Анын айтымында, 2022-2023-жылдар ичинде 150 миң адамды аталган ооруга каршы эмдөө пландалууда.
1 / 3

Россия Кыргызстанга "вакцинатор" унаасын берди

2 / 3

Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстанда калкты сарыктын B түрүнө каршы эмдөө кампаниясы башталат

3 / 3

Мекемеден билдиргендей, "вакцинатордо" экспресс-тест алынып, 15 мүнөттөн кийин жыйынтыгы чыгат да адам эмделет

"СПИД инфосвязь" фондунун директору Ирина Костецкая 20-декабрга чейин дагы эки ушундай вакцинатор келерин билдирди. Адамга үч ирет ийне сайылат, маселен, бүгүн биринчисин алса, экинчиси бир айдан кийин, акыркысын жарым жылдан соң алуу керек. Эмдөө толугу менен акысыз. Кампаниянын жүрүшүндө саламаттык сактоо тармагынын, социалдык мекемелердин, сулуулук салондорунун кызматкерлери, үйүндө сарык менен жабыркаган бейтабы бар адамдар, аскер кызматкерлерине басым жасалат.
ДССУ: дүйнөдө 40 миллиондой бала кызамыкка каршы эмделбей калган