Радио

Белекбаев: биринчи эле иш-чарабыз — башкы балатыны жандыруу

Бишкек мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Урмат Белекбаев
Бишкек мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Урмат Белекбаев Бишкек шаарында жаңы жылга карата бир катар иш-чаралар уюштурулуп жатканын айтты.
Sputnik
Бишкек мэриясы 23-ноябрдан баштап жаңы жылдык иш-чараларга даярдык көрүп баштады. Бул тууралуу Урмат Белекбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, майрамдык иш-чаралардын эң алгачкысы — борбордук аянттагы башкы балатыны жандыруу.
"Жаңы жылга карата Бишкек шаарында жылдагыдай эле көптөгөн иш-чараларды уюштурууну пландап жатабыз. 23-ноябрдан баштап майрамдык саамалыктарга даярдык көрүлүп баштады. Бекитилген план боюнча учурда ишке ашырууга аракеттер жүрүүдө. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтына башкы балатыны коюп, жасалгалап жатышат. Быйыл өзгөчөлөнүп балаты аянттын түштүк тарабына коюлду. Жаңы жылга карата эң алгачкы иш-чарабыз башкы балатыны жандыруу болот. Азыркы кезде так күнү белгилене элек. Ал күнү театралдашкан оюн-зоок жана концерт уюштурулат. Шаар тургундарын чакырып, башкы балатыны калаа башчысы менен чогуу жандырабыз", — деди Белекбаев.
Ал, мындан тышкары, Бишкектеги төрт райондо балдар үчүн да бир катар саамалыктар өтө турганын кошумчалады.