15-декабрга карата аба ырайы

15-декабрга караган түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Талас менен Ысык-Көл жергесинде +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Нарын аймагында -3...-8 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +5...+7, Ош калаасында +7...+9 градуска көтөрүлөт.
Алдыдагы аптага карата Чүй облусундагы аба ырайы