УКМК: Ала-Букада опузалап акча алып жаткан жеринен блогер кармалды

Ал аткаминерден соцтармакка чагымчыл маалыматтарды жарыялоону токтотуу үчүн акча талап кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жалал-Абаддын Ала-бука районунда пара алып жаткан жеринен Д.С.М. аттуу блогер колго түшүрүлгөнүн УКМК кабарлады.
1 / 2

Жалал-Абаддын Ала-бука районунда пара алып жаткан жеринен Д.С.М. аттуу блогер колго түшүрүлгөнүн УКМК кабарлады

2 / 2

Маалыматта аталган блогер социалдык түйүндөрдө ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтотуу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисин опузалап акча талап кылганы айтылат

Маалыматта аталган блогер социалдык түйүндөрдө ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтотуу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисин опузалап акча талап кылганы айтылат.
Блогер 12-декабрда 30 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө амалдары уланып жатат.
Студенттерди азгырган "Хизб-ут-Тахрирдин" "жаштар канатынын" мүчөлөрү кармалды