Жапаров Айтматовдун үй-музейине барып, бүлөсүнө эл аралык сыйлыкты тапшырды

Сыйлык Түрк мамлекеттери уюмунун президенттеринин чечими менен ыйгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы Айтматовдун көзү өткөндөн кийин ыйгарылган Алишер Навои атындагы “Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн” эл аралык сыйлыкты жазуучунун үй-бүлөсүнө тапшырган.
1 / 8

Президент Садыр Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

2 / 8

Президент жазуучунун уулу Эльдар Айтматов менен 2023-жылы Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата боло турган иш-чараны талкуулаган

3 / 8

Жапаров мааракеге карата уюштурула турган бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтүшү керектигин белгилеген

4 / 8

Президент Садыр Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

5 / 8

Мамлекет башчы Айтматовдун көзү өткөндөн кийин ыйгарылган Алишер Навои атындагы “Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн” эл аралык сыйлыкты жазуучунун үй-бүлөсүнө тапшырган

6 / 8

Президент Садыр Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

7 / 8

Президент Садыр Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

8 / 8

Президент Садыр Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

“Мамлекет башчы эл аралык деңгээлдеги бул сыйлыкты тапшыруу жана жазуучунун үй-музейине өткөрүп берүү чоң кубаныч экенин айтты. Ал Айтматовдун жакындары менен жылуу маанайда баарлашып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийинки үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле президент жазуучунун уулу Эльдар Айтматов менен 2023-жылы Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата боло турган иш-чараны талкуулаган. Жапаров мааракеге карата уюштурула турган бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтүшү керектигин белгилеген.
Эске салсак, ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинде бул сыйлыкты тапшыруу аземи болуп өткөн. Сыйлык ыйгаруу ТМУ өлкөлөрүнүн президенттеринин чечими менен кабыл алынган. Аны Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Жапаровго берген.
Садыр Жапаров жаңы келген Airbus H145ке түшүп, иштөө ыкмасын көрүп чыкты. Сүрөт