Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль Зеленскийдин Украинадагы тынчтыкты орнотуучу үч кадамы боюнча үн катты

Сентябрдын соңунда Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарында референдум өтүп, натыйжада бул төрт аймак Россиянын курамына кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин тынчтык орнотуучу үч кадам тууралуу сөзү согуштук аракеттерди улантуу ниети катары кабылдоого болот. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, буга чейин Зеленский G7 өлкөлөрүнө кайрылып жатып Украина аймагындагы чыр-чатакты токтотот деп эсептеген шарттарды тизмектеген. Ага ылайык, Батыш Киевге заманбап танкаларды, артиллерия, снаряд жана ыраакка атылуучу ракеталарды жөнөтүүнү улантышы керек.
"Украина тарап азыркы күндүн чындыгын аңдап түшүнүшү зарыл. Бул чындык деле Украина жетекчилиги акыркы 15-20 жыл ичинде жүргүзгөн саясаттын натыйжасы. Бүгүнкү күндүн чындыгы — Россиянын курамында референдумдардын жыйынтыгы менен жаңы субъектилердин пайда болушу", — деди Песков.
Кремлдин өкүлү аталган фактыларды эсепке албай туруп абалды жөнгө салуу мүмкүн эместигин белгиледи.
Эскерте кетсек, сентябрдын соңунда Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарында референдум өтүп, натыйжада бул төрт аймак Россия курамына кирген.
Ал эми Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын Россия 24-февралдан бери жүргүзүп келет. Максаты Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугун камсыздоочу шарттарды түзүү делген.
Мындан улам АКШ НАТОдогу өнөктөштөрү менен Киевди миллиарддаган долларга бааланган курал-жарак менен камсыздап келет. Москва мындай аракет чырды создуктурарын айтып, курал ташыган транспорт РФ армиясынын мыйзамдуу бутасы болуп каларын бир нече ирет эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шольц: атайын операция бүткөн соң Россия менен кызматташкыдай болушубуз керек