БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө "Аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүү" улуттук борборунун имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Балык чарба департаментинин "Тоң балык өстүрүү заводуна" караштуу бул борбор Корея деңиз институтунун техникалык жана каржылык колдоосу менен ушул жылы ачылган.
"Төрт лаборатория, административдик бөлүм, ашкана, жатакана сыяктуу имараттардын курулушу 2023-жылы аяктайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Бирок балык чарба борборун толугу менен түзүү жана аквакультуранын потенциалын күчөтүү долбоору 2026-жылга чейин ишке ашырылып бүтмөкчү.
Долбоор балык чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүгө, ошондой эле кыргызстандык адистердин потенциалын жогорулатууга багытталган. Ал илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, балык чарбасын башкаруунун практикалык технологияларын окутат.