Транспорт министринин эки орун басары, "Кыргыз автожолдун" директору алмашты

Орун басарлар өз каалоосу менен жумуштан кеткени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарлары алмашты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, министрдин биринчи орун басары Нурлан Кайынбаев өз ыктыяры менен арыз жазып, анын ордуна Талантбек Солтобаев дайындалды. Дагы бир орун басары Таабалды Тиллаев да өз каалоосу менен иштен кетип, ордуна Ырысбек Бариев келген.
"Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын директору Кайрат Нурманбетов да кызматтан бошотулган. Жаңы жетекчи болуп Тариэль Жаныбеков дайындалды.
Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Жаңы жетекчилерди министрликтин эмгек жамаатына өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана транспорт министри Тилек Текебаев тааныштырды.
Солтобаев 2021-жылдын апрель айына чейин орун басар болуп иштеп турган, ал кеткенден кийин Кайынбаев келген болчу. Ал эми Бариев 2015-2017-жылдары "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасын башкарган.
"Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси алмашты. Жаңы директор тууралуу маалымат