Радио

Жапарова: стартаперлер менен иштөө ишкерлер үчүн да пайдалуу

Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин SAB (бүтүрүүчүлөрдүн ишкерлигин колдоо) долбоорунун координатору Айзада Жапарова "Бизнес инкубациялык борборлор" жаштар үчүн мыкты мүмкүнчүлүк экенин айтты.
Sputnik
Ишкерлер үчүн стартаперлер менен иштеген да пайдалуу. Мындай пикирин Айзада Жапарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы кезде жаштардын көбү IT тармагына кызыгууда.
"Учурда IT тармагы актуалдуу болуп жаткандыктан бул тармакта иштегиси келген жаштардын саны өсүүдө. Деги эле бизнеске кызыккан да, кызыкпаган да жаштар интернет технологиясы боюнча иш алып барууну көздөп жатышат. Бизнес баштаганда башка тармактарга көбүрөөк чыгым кетсе, IT жаатында аз эле каражат менен бизнес баштап кетсе болот. Балким ошол үчүн студенттер баштапкы долбооруна азыраак акча салып, чоң бизнес түптөгүлөрү келип жаткандыр. Көбү жаш кезинде чет өлкөлөрдү көрүп, аны менен катар иштегиси да келгендиктен дал ушул IT тармагын тандап жатышат. Бизде бардык факультеттерде ишкерлик боюнча сабактар окутулат. Бизнести кантип баштап, иштетип кетүү жолун көрсөтөбүз. Алар бир идея боюнча иштеп чыккандан кийин менторлор менен да жолугуштурганга аракеттенебиз. Ишкерлердин жардамы стартаперлерге гана тийбестен, тескерисинче, ишкерлерге да стартаперлер кызыктуу идеяларды берип, пайдасын тийгизет", — деди Жапарова.
Ал илим, бизнес жана билим берүү тармактары биргелешип иштегенге ылайыкташтырылганын жана аталган үч тармак биргелешип иш алып жүргүзгөндө гана натыйжа болорун кошумчалады.