Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шольц: атайын операция бүткөн соң Россия менен кызматташкыдай болушубуз керек

Шольцтун айтымында, Россияга да согуш бүткөн соң экономикалык кызматташууну баштоо үчүн мүмкүнчүлүк керек.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Украинадагы жаңжал аяктагандан кийин Россия менен экономикалык кызматташуу мүмкүн болушу керек. Бул тууралуу Германиянын канцлери Олаф Шольц Берлинде Чыгыш Европанын экономикалык карым-катнаштары боюнча комитетинде сүйлөп жатып айтканын РИА Новости Zeit гезитине шилтеме берип жазды.
"Германиянын канцлери Украина тынчыгандан кийин Россия менен экономикалык кызматташтыкты калыбына келтирүүнүн келечеги тууралуу сүйлөдү", — деп жазылган гезитте.
Шольцтун айтымында, Россияга да согуш бүткөн соң экономикалык кызматташууну баштоо үчүн мүмкүнчүлүк керек. "Бирок азыр эмес", — деп тактады ал.
Канцлер учурда Россия менен Германиянын мамилеси салкындап баратканын кошумчалады. "Эми биз санкцияларды күчөтөбүз", — деп эскертти канцлер.
Ал ошол эле учурда Украинадагы жаңжал аяктагандан кийин да Россия Европа континентиндеги эң ири өлкө бойдон кала берерин кошумчалады. "Ошондуктан бул убакытка даярдануу абдан маанилүү", — деп сөзүн жыйынтыктады Шольц.
Россия Украинада аскердик атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атады. Анын айтымында, "Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо" жүргүзүп, Донбасста "жай тургундарга каршы кандуу кылмыштарга" жооптуу бардык согуш кылмышкерлерин жоопкерчиликке тартуу керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Меркель Минск макулдашуусу Киевге убакыт берүү үчүн түзүлгөнүн айтты. РФтин жообу