Монголия: өкмөт үйүнүн алдына митингчилерге боз үй тигип беришти

Улан-Батордун борборунда он күндөн бери митинг болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Монголиянын борборундагы өкмөттүк сарайдын алдындагы аянтка нааразылыкка чыккандар үчүн боз үй тигип беришти. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү https://ikon.mn/n/2qsh порталына шилтеме кылып жазды.
Улан-Батордун борборунда он күндөн бери митинг болуп жатат. Кечээ жыйырмага чукул киши иш таштоо жарыялап, 20 градус болгон аязда борбордук аянтта түнөгөнү айтылды.
"Аязда ачык асман алдында, түнү бою нааразылыгын билдирип отургандар үчүн аянтка боз үй алып келип тигип беришти", — деп жазган портал.
Өкмөттүн сарайынын алдында түндү канча киши өткөргөнү белгисиз.
Анткен менен мэрия аларга экиден ашык боз үй тиккенге уруксат кылган жок.
Бир канча миңдеген адамдарды камтыган нааразылык Улан-Батордо 5-декабрдан бери өтүп жатат. ЖМКлардын билдиргенине караганда, буга көмүр боюнча жасалган мыйзамсыз иштер себеп болгон. Басылмалар 1,8ден тарта 13 миллиард долларга чейинки сумманы чапчыган уурдоолор туурасында кеп болуп жатканын жазган. Бул иш боюнча сегиз киши кармалып, алардын алтоо камалган.
Мындан сырткары, бийлик Пекинди иликтөө иштерине катышууну суранган. Себеби Кытайга жөнөтүлгөн товарлар болжол менен алганда Монголиянын экспортунун 86 пайызын түзөрүн айтышты. Бул көрсөткүчтүн жарымынан көбү көмүргө тиешелүү болуп чыкты.
Россияда митинг өткөрүүгө тыюу салынган жерлердин тизмеси кеңейтилди