Иш-чарага Россиянын маданият министринин орун басары Владимир Осинцев, Саха Республикасынын (Якутия) маданият жана руханий өнүктүрүү министри Юрий Куприянов катышты. Ал эми иш-чараны Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачты.
Иш-чарага келгендерге Кыргызстан менен Россиянын улуттук ыр-бийлери тартууланып, комуз менен балалайканын үнү жаңырды. Россия тараптан М.Е. Пятницкий атындагы мамлекеттик академиялык орус элдик хору, Адыгеянын "Нальмэс" мамлекеттик академиялык элдик бий ансамбли, Саха Республикасынын (Якутия) "Зверев-Кыыл Уола" улуттук бий борбору катышты. Баш-аягы болуп 140ка чукул адам өз өнөрлөрүн тартуулады.
Эриш-аркак жылы 2020-жылдын февраль айында Москвада эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда расмий ачылган. Бул жылдын алкагында биргелешкен 221 иш-чара өткөрүү белгиленгени менен коронавирус пандемиясы анын баарын жылдырып, кийин өткөн.
Тема боюнча: