Кызыктуу, эсте каларлык... КР менен РФтин эриш-аркак жылынын жабылыш аземи сүрөттө

Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылыш салтанаты өттү. Sputnik иш-чаранын мыкты ирмемдерин чогулткан.
Sputnik
Жабылуу аземи Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болду. Ага РФ маданият министринин орун басары Владимир Осинцев, Саха Республикасынын (Якутия) маданият жана руханий өнүктүрүү министри Юрий Куприянов катышты. Ал эми иш-чараны Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачкан.
140 адамдын катышуусу менен өткөн концерттик программада Кыргызстан менен Россиянын улуттук ыр-бийлери тартууланып, комуз менен балалайканын үнү жаңырды. Россия тараптан М.Е.Пятницкий атындагы мамлекеттик академиялык орус элдик хору, Адыгеянын "Нальмэс" мамлекеттик академиялык элдик бий ансамбли, Саха Республикасынын (Якутия) "Зверев-Кыыл Уола" улуттук бий борбору катышты.
Эриш-аркак жылы 2020-жылдын февраль айында Москвада эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда расмий ачылган. Бул жылдын алкагында биргелешкен 221 иш-чара өткөрүү пландаштырылган, бирок пандемиядан улам көбү кийинчерээк өттү.
1 / 20

Салтанат филармониянын чоң залында болду. Сүрөттө РФ маданият министринин орун басары Владимир Осинцев менен КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов

2 / 20

Концертке 140 адам катышты

3 / 20

Кыргызстан менен Россиянын улуттук ыр-бийлери тартууланып, комуз менен балалайканын үнү жаңырды

4 / 20

Адыгеянын "Нальмэс" мамлекеттик академиялык элдик бий ансамбли

5 / 20

Адыгеялыктар үчүн бий — рухтун бийиктигин айгинелеген күч

6 / 20

Залда жаштар көп болду

7 / 20

Саха Республикасынын (Якутия) "Зверев-Кыыл Уола" улуттук бий борбору

8 / 20

Якуттардын темир комузунун үнү кыргыздарга абдан тааныш

9 / 20

Кавказдыктардын кан дүргүткөн бийи эч кимди кайдыгер калтырбайт

10 / 20

Залдагы элге комуз менен балалайканын үнү өзгөчө жакты

11 / 20

Якутиялык бий чеберлери

12 / 20

"Зверев-Кыыл Уола" көптөгөн эл аралык сынактардын лауреаты

13 / 20

"Ак Марал" элдик бий ансамбли

14 / 20

Эриш-аркак жылы 2020-жылдын февраль айында Москвада эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда расмий ачылган

15 / 20

Россиянын бий тобу

16 / 20

Эриш-аркак жылынын алкагында биргелешкен 221 иш-чара өткөрүү пландаштырылган, бирок пандемиядан улам көбү кийинчерээк өттү

17 / 20

М.Е.Пятницкий атындагы мамлекеттик академиялык орус элдик хору

18 / 20

Салтанаттагы бий тобу

19 / 20

Залдагы элдин маанайын чагылдырган кадр

20 / 20

Кыргызстан менен Россиянын бий топтору