Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жазды.
Киев соборлордун биринен чиркөөнүн жергиликтүү кызматкерлеринен 2022-жылы алынган россиялык паспортторду тапкандыгын билдирген.
Андан сырткары, атайын кызматтары "россиялык адабияттарды" жана "Россия үчүн дуба кылып, сыйынган тексттерди" алганын айтышкан.
"Коңгуроо үнү жаңырып, Россиянын үстүнөн оболоп, ойгонот". Кызыгы, Киев-Печорск монастырында аткарылган ушул ырдан улам 2022-жылы ноябрда Украинанын коопсуздук кызматы Украинадагы православ чиркөөсүнүн (УПЧ) храмдарында бир нече тинтүүлөрдү жүргүздү.
Киев муну "Россияны даңктоо" деп кабыл алып, УПЧке басымды күчөтүүгө негиз берген чатактуу иш катары колдонду. Кысымга ал жерде иштегендер кабылган. Кээ бирлерин суракка чакырып, "коллаборационизмге" айыпташты.