ИИМ: аялга уксус чачып, 2 млн. сомдук зер буюмдарын алып кеткен келин кармалды

Шектүү жаш баласы бар болгондуктан үй камагына чыгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кочкор-Ата шаарында күрөөканага келген аялга уксус чачып, 2 миллион сомдук зер буюмдарын алып кетти делген адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Окуя 10-декабрда болгон. Саат 23:10до шаардык оорукананын көз оорулар бөлүмүнөн милицияга 51 жаштагы жергиликтүү тургун келип түшкөндүгү тууралуу маалымат келген.
Милиция бул фактыны каттап, иликтөө иштерин баштады. Текшерүү учурунда ошол күнү медициналык бет капчан кыз борбордук базардагы күрөөканага кирип, аялдын бетине уксус кислотасын чачып, сумкасындагы 2 миллион сомдук алтын сөйкө, чынжыр, шакек жана билериктерди алып кеткени маалым болгон. Шектүү из жашырып кеткен.
Учурда каракчылык фактысы боюнча иш козголуп, экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү делген 20 жаштагы кыз кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна толук алып, зер буюмдар салынган сумканы ээсине тапшырган. Кийинчерээк кармалган жаран жаш баласы бар болгондуктан үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.
Казакстандан майды мыйзамсыз ташып. Токмокто башкы салык инспектору кармалды