Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЕБдин бир катар өлкөлөрү Макрондун Россия боюнча айтканына нааразы

Дипломатиялык документтин долбоорун өткөн аптада Европа биримдигине Чехия тараткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Балтика боюндагы жана бир катар европалык өлкөлөр Франция президенти Эммануэль Макрондун Россияга каралган коопсуздук кепилдиги туурасында айтканына дипломатиялык демарш жасашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Макрон Украинада тынчтык кайра калыбына келгенден кийин Европанын болочоктогу коопсуздук архитектурасы Россия үчүн коопсуздук кепилдигин киргизиши керектигин билдирген эле.
Балтика боюндагы мамлекеттерден сырткары демаршка Польша, Словакия кошулуп, ал Чехиянын жардамы менен ишке ашкан. Анткен менен агенттик мындай кадамды колдогон мамлекеттердин саны азырынча белгисиз экендигин билдирген.
Дипломатиялык документтин долбоорун өткөн аптада Европа биримдигине Чехия тараткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Макрон Украинадагы жаңжалды токтотуунун жападан жалгыз ыкмасын атады