Чүйдө 8 мектеп, 6 бала бакча карантинге жабылды. Соңку маалыматтар

Бишкек мэриясы эгер кырдаал курчуп баратса тиешелүү бир мектеп гана жабылышы мүмкүндүгүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору 14 билим берүү мекемесин карантинге жапты.
Рейддик текшерүүнүн жыйынтыгында сегиз мектеп, алты бала бакча эшигин жапкан. Аламүдүн районунда алты мектеп 17-декабрга чейин карантинге алынды:
Жогорку Ала-Арча орто мектеби;
Кайырма орто мектеби;
№1 жана 2 Лебединовка мектеп-гимназиялары;
Төмөнкү Ала-Арча орто мектеби;
Бердибеков атындагы орто мектеп.
Панфилов районунда — төрт, анын ичинен №1 мектеп жана №3 бала бакча;
Жайыл району — төрт, анын ичинен №1 мектеп жана №3 бала бакча.
Ал арада социалдык тармактарда Бишкектеги мектептерди карантинге жабууга үндөп жатышат. Калаа мэриясы эгер кырдаал курчуп баратса Санэпидкөзөмөлдүн корутундусунун негизинде тиешелүү бир мектеп жабылышы мүмкүндүгүн билдирди. Билим берүү жайларынын баарын тегиз жабуу каралган эмес.
Мурдараак саламаттык сактоо министри окуучулардын 20 пайызы ооруп келбей калса карантин жарыяланарын билдирген. Ошондой эле мектептерге жана бала бакчаларга массалык иш-чараларды өткөрбөй турууну сунуштады.
Эпидемиолог Кыргызстанда чочко тумоосунун жайылуу ыктымалдуулугун айтты