БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунда курч респиратордук жугуштуу вирустар көбөйгөнүнө байланыштуу алты мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Окууну токтоткон билим берүү мекемелери:
Жогорку Ала-Арча орто мектеби;
Кайырма орто мектеби;
№1 жана 2 Лебединовка мектеп гимназиялары;
Төмөнкү Ала-Арча орто мектеби;
Бердибеков атындагы орто мектеп.
Буга чейин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Чүй облустук бөлүмү аймакта грипп жана курч респиратордук оорулар көбөйүп, ошондой эле чочко тумоосу катталгандыктан мектеп, бала бакчаларда алдын алуу иштери күчөтүлгөнүн билдирген. Көңүл ачуучу иш-чараларга адамдарды көп чогултуп өткөрүүгө чектөө киргизген.
Облуста узаган жумада 2 322 адам тумоологону катталса, анын 68,5 пайызы 14 жашка чейин балдар.