Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Чагымчылар Ивано-Франковскидеги канондук храмга кол салышты. Видео

Украинанын полиция кызматкерлери эч кандай реакция кылган эмес, уруш чыгарганы келгендерди эл өзү кууп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жетимишке чукул киши кирип келип, Украинанын Ивано-Франковскидеги православдык чиркөөсүнүн канондук храмындагы сыйынууну үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье өзүнүн Telegram-каналына окуянын видеосун жайгаштырды.
Украинанын полиция кызматкерлери чагымчылардын тизгинин тартууга эч кандай аракет кылган эмес. Уруш чыгарганы келгендерди эл өзү аракет кылып кууп чыккан. Анткен менен бул бөлүп-жаргычтарды токтото алган эмес.
Мындан кийин алар үч сааттай кетпей, сыйынууга келгендерди сыртка чыгарбай, антироссиялык ураандарды кыйкырып турушкан. Украиналык улутчулдар менен болгон кагылышты окуяга күбө болгондор жарыялашкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Чиркөө орус дүйнөсүн колдоду. Киев режими диний кызматкерлерди күнөөлөп...