Бишкектеги ооруканаларда сасык тумоологондорго орун жетеби? Министрликтин жообу

Борбор калаада бронхопневмония жана сасык тумоологондор үчүн 305 орун даярдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Соңку учурда гриппке кабылып жана сасык тумоолоп ооруканага кайрылгандардын саны улам арбып жатканы менен орундар жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.
Анын айтымына караганда, Балдардын шаардык ооруканасына, Энени жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрылгандар көп болгондуктан, министрлик бир катар бөлүмдөрдү бронхопневмония жана курч респиратордук оорулар менен келгендерди кабыл ала турганга ылайыктады. Сасык тумоолоп калгандар Жугуштуу илдеттердин республикалык ооруканасына да кайрылса болот.
Борбор калаада бронхопневмония жана сасык тумоологондор үчүн 305 орун даярдалган:
Балдардын шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында — 120 орун;
Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда — 100;
Чүй облустук ооруканасында — 50;
Жугуштуу илдеттердин республикалык ооруканасында — 35 орун бар.
Асылбашева азырынча аталган орундардын санын көбөйтүү туурасында маселе жоктугун, себеби бош койкалар бар экендигин айтты.

"Эгерде ооругандар көбөйүп кетсе, кошумча койкалар каралган", — деп белгилеген адис.

Чүйдө 8 мектеп, 6 бала бакча карантинге жабылды. Соңку маалыматтар