Вирустук оорулар күчөп, Бишкекте 8 мектеп онлайн окууга өттү

Шаар бийлиги 50 мектепти кыдырып, текшерип чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Курч респиратордук жугуштуу вирустар менен ооругандар көбөйүп жатканына байланыштуу Бишкекте 14-декабрдан тарта сегиз мектеп онлайн окууга өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкектин Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте 50 мектепти кыдырып чыккан.
Жыйынтыгында № 6, 60, 28, 54, 59, 72, 95 жана 103 мектептерде сабакка келбеген окуучулардын саны 20 пайыздан ашкан. Мындан улам онлайн окууга өткөрүү чечими кабыл алынган.
Мэрия жыл башынан борбор калаада 78 656 респиратордук оорулар катталганын билдирди. Өткөн жылы ушул мезгилде 78 268 адамдан оору аныкталган.
Калаа бийлиги тургундардан санитардык эрежелерди сактап, бет кап тагынып, жугуштуу вирустун белгилери байкалса балдарды мектеп, бала бакчага жөнөтпөөнү суранды.
Бишкектеги ооруканаларда сасык тумоологондорго орун жетеби? Министрликтин жообу