Депутаттар бир жумада эки ирет мушташып. Түркия парламентинен тартылган видеолор

Эл өкүлдөрү биринчисинде 6-декабрда бири-бирине кол көтөрсө, экинчи ирет андан бир нече күн өтпөй кайрадан жакалашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Түркия парламентинин депутаттары бир аптада жаатташып, эки ирет мушташты.
Sputnik Азербайжандын жазганына караганда, Түркия ИИМинин жетекчиси Сулейман Сойлу оппозициячылардын дарегине "Силер АКШнын балдарысыңар" дегенден кийин ортодо чатак чыгып кеткен. Бири-бирине кол көтөрүүнүн кесепети, парламентарийлердин биринин кардиостимуляторун алмаштырууга аргасыз кылган.
Андан мурдагы мушташ 6-декабрда бюджетти талкуулап жатканда чыккан. Анда эл өкүлү Хусейн Орс башынан жаракат алган.
Унчукпай отуруңуз! Вице-спикер президенттин ЖКдагы өкүлүн зекиди. Видео