Ташиев жаңы тик учак менен Бишкек жана дагы үч облусту кыдырат. Видео

УКМКдан Ташиевдин аймактарга эмне максат менен бара тургандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев мамлекет сатып алган жаңы тик учак менен Бишкек шаарын жана Баткен, Талас, Жалал-Абад облустарын кыдырып чыгат. Бул тууралуу мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан кабарлады.
Атайын кызматтын башчысы бардык күч түзүмдөрүнүн кыш мезгилге даярдыгын текшерип, чек ара коопсуздугу боюнча маселелерди талкуулай турганы айтылды.
Маалымат кызматы видео жарыялады. Кадрдан жаңы сатып алынган Airbus тик учагын көрүүгө болот. Бул техника менен кечээ президент Садыр Жапаров жүргөнүн анын маалымат кызматы кабарлаган эле.
Садыр Жапаров жаңы келген Airbus H145ке түшүп, иштөө ыкмасын көрүп чыкты. Сүрөт