Кыргыздардын көбү саякат десе эле сөзсүз Дубайга же Түркияга барып эс алып келиш керек деп түшүнүшөт. Бул тууралуу Улугбек Исраилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жайкы туризм бир жолго коюлган, ал эми кышкы туризмди дагы да өнүктүрүш керек.
"Бизде жайкы туризм өнүгүп, кышкы туризмдин лимити бар. Башкача айтканда, 30-декабрдан баштап 10-январга чейин эле Караколдо жана Бишкекте эс алуучулар көп болот. Кыш мезгилинин калган күндөрү болсо эс алуучулардын саны абдан аз. Жарнамалардын негизинде Караколго жаңы жылдан башка да учурларда келсе болот деп калкка жеткиришибиз керек. Негизи ички туризмге көбүрөөк пандемия учурунда көңүл бурула баштады. Анткени Дубай жана Түркия мамлекеттеринин чек аралары жабык болгондуктан, каалоочулар өлкө ичинде саякаттоого аракет кылды. Элдин көбү Кыргызстанда саякаттай турчу жерлер жок деген пикирде. Бизде көбү саякат десе эле сөзсүз Дубайга же Түркияга барып, эс алып келиш керек деп түшүнөт. Ошондуктан ички туризмди жайылтууну көздөп жатабыз. Дем алыш күнү тоого чыгуунун бир топ артыкчылыктары бар. Мисалы, депрессиядан чыгууга жардам берет. Аны менен катар эле тоого чыккан учурда максаттуу жаңы адамдар менен таанышып, пикир алганга да шарт түзүлөт", — деди Исраилов.
Ал жаштарды клубга баргандын ордуна тоого барып эс алса капчыкка да, ден соолукка да пайдалуу болорун кошумчалады.