Байгазиев: Өзбекстан Түркмөнстандын электр энергиясын Кыргызстандан "карызга" алды

Казакстандан да 450 миллион киловатт-саат импорттоо боюнча келишим түзүлүп, ал электр энергиясы өлкөгө келгендиги белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Түркмөнстандан сатып алган электроэнергиясын учурда Өзбекстан колдонуп жатат, бирок кийинчерээк кайтарып берүүнү убадалады. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасы Таалайбек Байгазиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөн. Мисалы, Түркмөнстан менен быйыл 1,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын берүү боюнча келишим түзүлгөн.
"Транзиттик милдетти аткарган Өзбекстандын энергетика системасы мындай көлөмдү өткөрө албайт: чоң тартыштык бар. Алар бул электр энергиясын алышат, бирок бизге жетпейт. Негизинен алар (электр энергиясын кайтарып берүүгө — ред.) милдеттеме алышкан", — деп түшүндүрдү Байгазиев.
Анын айтымында, быйылкы жылытуу мезгилинде бул көлөм алынса жетиштүү болот. Байгазиев "коңшулардын муктаждыктарын түшүнүү керектигин" жана энергетиктер керектөө күчөгөн убакта бири-бирине жардам беришерин белгилеген.
Ал ошондой эле Казакстандан 450 миллион киловатт-саат импорттоо боюнча келишим түзүлгөнүн жана ал электр энергиясы өлкөгө келгендигин айткан. Декабрь айы үчүн 200 миллион киловатт-саатка чейин жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн, бирок Казакстанда авариядан улам жабдык иштен чыгып, азырынча жеткирүү мүмкүн болбой жатат.
"Биз кечээ сүйлөштүк. Абал жакшырып баратат, жеткирүүлөр кайра жанданат", — деп ишендирди Улуттук энергохолдингдин жетекчиси.
Электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлө баштайбы? Аткаминердин жообу