Радио

Молдошева: Pantone аныктаган 2023-жылдын түсү чыныгы кыргыздардын өӊү экен

Дизайнер, стилист Замира Молдошева 2023-жылы кандай түстөгү жана фасондогу кийим-кече мода болорун айтып берди.
Sputnik
Pantone түстөр институту 2023-жылдын өӊүн кармин кызылы (Viva Magenta) деп белгиледи. Бул тууралуу Замира Молдошева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы үстү-асты теӊ экотериден тигилген кийимдер актуалдуу болот.

"Келе жаткан коён жылында экотериден тигилген кийимдер модада болот. Байкасаӊыздар, быйыл 2022-жылдын күз-кыш мезгилинде экотериден тигилген шым, юбка көп кийилди. 2023-жылы үстү-асты теӊ экотериден тигилген кийимдер актуалдуу болот. Андан сырткары, ар кандай ачык өӊдөгү (ачык жашыл, күлгүн, кызыл) жасалма мехтен тигилген тондор кийилет. Келе жаткан жылдын жаз-жай мезгилинде "майка-алкоголичка" деп аталган бош майкалар трендде. Мурда бели узун шым, юбка кийилсе, эми кайрадан бели кыскараак кийим-кечелер модага кирди. Ошондой эле "болеро" деп аталган кийим, кыска костюм, белге чейинки майка актуалдуу болот. Ал эми Pantone түстөр институту 2023-жылдын өӊүн кармин кызылы (Viva Magenta) деп белгиледи. Негизи ар бир өӊ, мейли кара же кызыл болобу, 24 түрдүү түскө бөлүнөт. Институт жарыялаган түстү карай турган болсок, ал жерде кызыл, күлгүн жана қоюу қызыл өӊдөрдүн аралашмасынан чыккан түс экен. Муну карап отуруп илгери апаларыбыз шырдак боёгондо колдонгон өӊгө окшоштурдум. Бул түс чыныгы кыргыздардын өӊү", — деди Молдошева.

Ал адам кийим тандаардан мурун кайсы түс тибине кирерин (адамдын чачынын, терисинин жана көзүнүн түсүнө жараша анын сырткы көрүнүшүнүн айрым белгилеринин жыйындысы) аныктап алышы керектигин кошумчалады.