Кыргызстандыктар өзүн кара тизмеден кантип текшере алат? Жол-жобосу

Эгерде Кыргызстандын жараны анча чоң эмес административдик укук бузуу үчүн Миграция кызматынын реестринде болсо, анда мекемеге арыз менен кайрылса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Россияда убактылуу жашап жаткан кыргызстандыктар Россиянын Миграция кызматынын кара тизмесине түшүп, ал өлкөгө кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган учурлар болот. Бирок көп учурда мигранттар өзүнүн статусу тууралуу кабары жок жүрө беришет. Кара тизмеден өзүн кантип текшерүү керектигин төмөндө түшүндүрүп беребиз.
Адатта кара тизмеге кыргызстандыктардын ар кандай укук бузуулары, чек ара, санитардык нормаларды бузгандыгы, салык карызы, насыясы тууралуу маалыматтар жазылат. Россиянын аймагына кирүүгө 3, 5, 10 жыл же өмүр бою тыюу салынышы мүмкүн.
Кара тизмеден текшерүүнүн эки жолу бар: онлайн жана офлайн.

Онлайн-текшерүү

Эң оңой жолу — Россиянын Федералдык миграция кызматынын (ФМК) www.fms.gov.ru сайтынан текшерүү. Бул веб-сайттагы онлайн форманы өз алдынча же калкты тейлөө борборлорунун, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жардамы менен толтурууга болот.
Ошондой эле өзүн чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун сайтындагы кара тизмеден текшерсе да болот. Аты-жөнүңүздү жана туулган күнүңүздү жазган соң “издөөнү” басыңыз.

Офлайн-текшерүү

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кеңсесине кайрылып, кара тизмеден өзүңүздү текшерсеңиз болот. Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 237.
Ош шаарында ушул эле суроо менен Ленин көчөсү, 221 дареги боюнча кайрылуу керек.

Кара тизмеден чыгуунун жолдору

Эгерде Кыргызстандын жараны анча чоң эмес административдик укук бузуу үчүн миграция кызматынын реестрине кирсе, анда ФМКга арыз менен кайрылса болот. Ал паспорттун көчүрмөсү менен Бишкек маалымат-консультациялык борборунда жазылууга тийиш. Кайрылуу адам тизмеге кирген райондун (облустун) миграция кызматына барат. Кабыл алынса, арыз Россиянын ФМКсы тарабынан каралат. Арыз каралгандан кийин маалымат чек ара органдарына жөнөтүлүп, арыз ээси Россия Федерациясынын аймагына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Мындан татаал учурларда төмөнкү документтер керектелет:
жагдайды баяндаган А4 форматындагы кагазга жазылган арыз (петиция);
өздүгүн тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү (чет элдик паспорт жана ички ID-карта);
нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (эгерде жубайы Россиянын жараны болсо);
иштөөгө уруксаттын же патенттин көчүрмөсү (эгерде эмгек ишмердиги ишке ашырылган болсо);
студенттик билет, окуган жеринен справка жана башкалар (студенттер үчүн).
Эгерде өлкөдөн чыгаруу чечими сот органдары тарабынан кабыл алынган болсо, анда бул ишти адвокаттардын жардамы менен чечүүгө туура келет. Процесс бир нече жылга созулушу мүмкүн.
10-январда аяктайт. Россиядагы мигранттарга жаңы талаптар тууралуу эскертилди