Кыргызстандын эркин күрөшчүлөрү дүйнө кубогунда коло медалга ээ болушту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча үч балбаны жеңишке жетип, ошол эле учурда кыз-келиндер командасы медалсыз калды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов жана Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөш боюнча дүйнө кубогунда коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Дүйнө кубогу 10-11-декабрь күндөрү АКШнын Коралвилл шаарында өткөн. Ошондой эле аталган турнирге АКШ, Иран, Япония жана Грузиянын курама командалары катышкан.
1 / 3

Арсалан Будажапов

2 / 3

Тайырбек Жумашбек уулу

3 / 3

Айсулуу Тыныбекова

Кыргызстандын курама командасы алгач япониялык балбандарды 9:1 эсеби менен жеңип алган. Экинчи айлампада ирандык балбандар менен күч сынашып, 4:6 эсебинде жеңилди. Ал эми коло байге үчүн күрөштө Грузиянын курама командасы менен беттеш өткөрүп, 8:2 эсеби менен жеңүүчү болду.
Эрназар Акматалиев — 70 килограмм салмак категориясында, Арсалан Будажапов — 97 килограмм жана Тайырбек Жумашбек уулу 65 килограмм салмакта күрөштү.
Ошол эле учурда аялдар командасы медалсыз калды. Айсулуу Тыныбекова улуттук курама менен бирге Кытайдын курама командасын 4:0 эсебинде жеңип, бирок андан соң АКШга 4:6 эсебинде жеңилип калды.
Валентина Шевченко аялдар арасында жылдын мыкты мушкери деп табылды. Видео