Радио

Султангазиев: чет өлкөдөн ташылган көчөттөр түрдүү ооруларды алып келүүдө

Борбор Азия боюнча эколог Ормон Султангазиев өлкөдө сейрек кездешүүчү бак-дарактарды ар кандай оорулардан сактап, аларды көбөйтүү зарылдыгын айтты.
Sputnik
Акыркы жылдары Кыргызстанда жапайы жана маданий өсүмдүктөрдө түрдүү жугуштуу оорулар кездешүүдө. Алардын эң эле кооптуусу — бактериялык күйүк илдети. Бул тууралуу Ормон Султангазиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөдөн ташылган көчөттөр түрдүү бактериялык ооруларды алып келүүдө.
"Бактериялык күйүк илдети роза гүлдүү тукумдагы бак-дарактарга жугуп, жабыркатат. Алма, бий алма, долоно, четинди, алмурут жана кээ бир декоративдик бактар дагы илдетти алып жүрүүчү катары саналат. Акыркы жылдары Кыргызстанда жапайы жана маданий өсүмдүктөрдө түрдүү жугуштуу оорулар кездешүүдө. Мисалы, Арстанбап жаңгак токоюндагы эндемикалык бак-дарактарда бактериялык күйүк байкалууда. Учурда алдын алуу иштерине көңүл буруп, абалды жакшыртуу чаралары жасалышы керек. Чет өлкөдөн ташылган көчөттөр түрдүү бактериялык ооруларды алып келүүдө. Аталган оору да ушундай жол аркылуу келиши мүмкүн", — деди Султангазиев.
Ошондой эле адис бактериялык күйүктү таанып билүү боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыгып, аны ар бир кыргызстандык колдонуп, өзүнүн салымын кошо ала тургандыгын кошумчалады.