Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Искандер" ракеталык комплексинин соккуга даярдык көргөн ирмемдери. Видео

Sputnik
Россиянын Коргоо министрлиги "Искандер" оперативдүү-тактикалык ракеталык комплексинин согуштук абалга келип иштеген учурунун видеосун жарыялады.
Кадрдан айбаттуу куралдын чүмбөттөлгөн сыртын чечип, андан соң ата турган жерине жылып барганын көрүүгө болот.
Канаттуу ракетаны атуучу түзүм ок чыгарууга даяр болуп, андан соң мээленген жерге буйруктун негизинде куралды учурган.
Аскер ведомствосунан оперативдүү-тактикалык комплекстин арсеналында баллистикалык да ракета бар экендигин билдирди.
По теме:
Болотту да эриткен "Солнцепёк" куралынын видеосу