БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологу Султан Суранбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып, чочко тумоосу оорунун башка түрлөрүнөн эмнеси менен айырмаланарын жана Кыргызстанда эпидемиянын жайылуу ыктымалдуулугу кандай экенин түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, Кыргызстанда октябрь ичинде 764 учур изилденип, анын 34ү грипптин А/H1N1 (чочко тумоосу) түрү экени аныкталган.
Суранбаев чочко тумоосу башка оорулардан айырмаланып дем алуу органдарынын ишин бузуп, диарея жана өпкөнүн сезгенишине кептей турганын айткан.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Мезгилдик сасык тумоонун (В жана С) симптомдору А тумоосуна — чочко тумоосуна абдан окшош. Ооруган адамдын дене табынын көтөрүлүп, мурду агып, бүтүп, тамагы кызарат, кургак жөтөл, дене-бой салмактанып, баш ооруйт. Чочко тумоосунун негизги айырмасы — адам шишип, ичи өтөт, дем алуу органдары жабыркап, пневмония болот", — деди адис.
Дарыгердин айтымында, Кыргызстанда чочко тумоосунун жайылуу ыктымалдуулугу жок.
"Кыргызстанда чочко тумоосуна кабылгандардын саны былтыр бир мезгилге 5-6 адам туура келип, көрсөткүч төмөн болчу. Өлкөдө оору күч алат деп кооптонууга негиз жок. Анткени Саламаттык сактоо министрлиги профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Тобокелдик тобуна киргендердин 80 пайызы вакцина алган", — деп белгиледи Суранбаев.
Ал каалоочулар жеке медициналык борборлордон сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтсө болорун айткан. Вакцина медицина кызматкерлерине, өнөкөт оорусу барларга, көп ооруган жаш балдарга, кош бойлууларга жана 65 жаштан жогорку карыларга акысыз берилери кошумчаланган.