Электр кубатынын резерви аз. Энергетиктер кыргызстандыктарга кайрылды

Улуттук энергохолдингдин башчысы учурда кооптуулук жок экенин, бирок кубаттуулуктун резерви аз экендигин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Энергетиктер кыргызстандыктардан электр кубатын саат 17:00дөн 21:00гө чейин азыраак колдонууну суранат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Таалайбек Байгазиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, энергетиктер абалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнүп, электр энергиясы бир фаза менен иштеген үйлөрдү электр кубатын 8 киловаттан ашырбай пайдаланууга уруксат беришкен.

"Мурда берилген техникалык шарттарга ылайык, үч фазага уруксат берилген. Ошондой эле турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн ушундай шарт каралган. Бирок ошол эле учурда электр кубаты эң көп колдонулган сааттарда биз максималдуу жүктөмгө жетип жатабыз", — деп түшүндүрдү Байгазиев.

Байгазиев саат 17:00дөн 21:00гө чейин электр жабдууларды, электр жылыткычтарын өчүрүп же үнөмдөп турууну суранган.
"Калган убакта кадимкидей иштетүүгө болот. Күз-кыш мезгилинин үчтөн бир бөлүгүн чектөөсүз өткөрдүк. Бирок азыр калкка ушундай жол менен кайрылууга аргасыз болуп жатабыз. Коркунучтуу эч нерсе жок, бирок кубаттуулуктун резерви аз. Резерв көбүрөөк болсо жакшы болмок, экономиканын тармактары үчүн зарыл болгон кошумча кубаттуулукту ишке киргизмекпиз", — деп кошумчалады ал.
Эртең электр энергиясы кайсы маалда өчүрүлөт? Расмий жооп