"Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси алмашты. Жаңы директор тууралуу маалымат

Компаниянын мурдагы башчысынын ден соолугунан улам кызматтан кеткени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Өлкөдөгү эң ири компаниялардын бири — "Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси алмашып, Осмон Качкынбаев башкы директорлукка дайындалды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматынан кабарлады.
Качкынбаев кызматынан ден соолугунан улам баш тарткан Айбек Айдаралиевдин ордуна келген.

Маалымат

Осмон Качкынбаев 1977-жылы туулган. "Гидротехникалык курулуш" адистигине ээ. Эмгек жолун "Нарын гидро-энергокурулуш" ишканасында мастердин жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган.
Буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 филиалдарында директор болуп иштеген.
"Электр станциялары" республикадагы электр кубатынын 98 пайызын өндүрөт. Компаниянын курамына жети ГЭС, эки ТЭЦ жана "Бишкек жылуулук" ишканасы кирет.
Күнүнө 12-14 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүп турат.
Саламаттык сактоо министринин орун басарлыгына Тилек Мамадалиев дайындалды