Электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлө баштайбы? Аткаминердин жообу

Бул кышта электр энергиясы суткасына 70 миллион киловатт-саатка чейин жагылган учурлар катталууда. Былтыр 55-56 миллиондун тегерегинде болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Өлкөдө электр кубатын маал-маалы менен өчүрүп туруу пландалбагандыгын Улуттук энергохолдингдин төрагасы Таалайбек Байгазиев маалымат жыйында айтты.
Быйыл кышта электр энергиясын пайдалануу рекорддук көрсөткүчтү түзүп жатканы байкалган. Мисалы, суткасына 70 миллион киловатт-саатка чейин жагылган учурлар кездешүүдө. Ал эми былтыр 55-56 миллиондун тегерегинде болгон.
"Кыргызстандын энергетика түзүмүндө азыр чектөөлөр жок, маал-маалы менен өчүрүү каралган эмес. Биз элден болгону эң көп күч келген маалда жылыткычтарды өчүрө турууну суранып жатабыз", — деген Байгазиев.
Ал пландалган өчүрүүлөр туурасында маселе коюлбагандыгын, бирок эскирген жабдуулар иштен чыкканда авариядан улам өчүп калган учурлар болушу мүмкүндүгүн айтты.
Электр кубатынын резерви аз. Энергетиктер кыргызстандыктарга кайрылды