БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз канал уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Күйүүчү-майлоочу майлар узак убакыт бою Казакстандан мыйзамсыз ташып келинип, продукциялар жасалма документтер менен салык органынын кызмат адамынын катышуусу менен легалдаштырылып, андан ары негизинен республиканын түштүк аймактарына сатылып турган.
"Ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз каналдын уюштуруучулары Ш.М. жана Д.О., ошондой эле мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору М.Т. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.