Каракастагы "Щелкунчиктен" Сеулда суу алдында өткөн шоуга чейин. Апта ирмеми

Sputnik
Марокконун командасы африкалык командалардын ичинен тарыхта биринчи ирет футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта жарым финалга чыкты. Бишкекте ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлеринин саммити өттү, ал эми Гватемалада жанар тоо атылды. Sputnik окурмандарга өткөн аптада болгон кызыктуу окуялардын сүрөт топтомун сунуштайт.
1 / 15

Лос-Анжелестеги өткөн мода жумалыгында Celine коллекциясынын күз-кыш-2023 мезгилиндеги кийимдери

2 / 15

Марокконун курама командасы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Португалияны 1:0 менен жеңип алды. Бул африкалык командалардын ичинен тарыхта биринчи ирет жарым финалга чыккан команда. Марокколуктар беш беттеште дарбазасына бир гана гол киргизип, Испания, Бельгия командаларынын "сазайын берип", Хорватия менен тең чыкты

3 / 15

Каракастагы Тереза Карреньо театрындагы "Щелкунчиктин" репетициясы (Венесуэла)

4 / 15

Гватемаладан 65 чакырым аралыкта атылып жаткан Фуэго жанар тоосу

5 / 15

Пекиндеги түштүк темир жол бекетиндеги жүргүнчү киши (Кытай)

6 / 15

Франциянын курама командасынын чабуулчусу Оливье Жиру жана Англия командасынын коргоочусу Гарри Магуайр футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы 1/4 финалда

7 / 15

Донецкинин Ворошилов районундагы Жабык базардын украиналык аскерлер аткылоого алгандан кийинки көрүнүшү. Анын кесепетинен төрт адам жабырланган

8 / 15

Президент Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путин Бишкекте Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отуруму алдында

9 / 15

Стамбулдагы Галата мунарасындагы толгон айды көрүүгө чогулгандар

10 / 15

Бишкектеги инвестициялык саммиттин алкагында илимий-тажрыйбалуу конференция, талкуулар, ЕАЭБдин ишкердик кеңешинин президиумунун отуруму, шаар мэрлеринин, облус жетекчилеринин катышуусундагы тегерек столдор, Евразия элинин ассамблеясынын форуму жана медиафорум өттү

11 / 15

Рождествого арналган Сеулдагы Aqua Planet 63 аквариумундагы суу алдындагы шоу (Түштүк Корея)

12 / 15

Сринагар (Индия) паркында жыгачтан көмүр алыш үчүн бутак, жалбырактарды өрттөп жаткан киши

13 / 15

ЕАЭБдин Бишкектеги саммитинде. Александр Лукашенко, Владимир Путин, Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Никол Пашинян жана Михаил Мясникович

14 / 15

Новороссийскидеги "Новая ёлка" фабрикасынын кызматкеринин цехте балатыны карга оронтуп жаткан учуру

15 / 15

Москва каналына муз тоңуп, жылгаяк тепкендердин майрамы келди

Тема боюнча:
15 документке кол коюлду. Бишкекте өткөн ЕАЭБ саммитинен ирмемдер
Табияттын таң калтырган сулуулугу. Эл аралык сынактан тандалган 15 сүрөт
"Жер сулуусу" сынагынын ар кайсы жылдагы жеңүүчүлөрү. 18 чүрөктүн сүрөтү