Бишкекте Анкара көчөсүн бойлой бульвар түшөт. Аким чоо-жайын айтып берди

Район башчысы жөө адамдар басчу зоналарды белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бишкекте Анкара көчөсүн бойлой, Тунгуч кичи району менен 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүктө бульвар болорун Октябрь районунун акими Азамат Дороев билдирди.
"Жашыл коридор" долбоорун ишке ашыруу кийинки жылга белгиленген. Бийлик жергиликтүү да, чет элдик да донорлор менен макулдашууга жетишкен. 15-декабрдан тарта карагайлар отургузулуп, башка да жумуштар башталат.
Дороевдин айтымында, бульвардын туурасы беш метрге жетип, анын 1,2 метри веложол болот. Аймак жарыктандырылып, отургучтар коюлат.
Бульвардын маршруту:
Тунгуч кичи районундагы "Глобус" гипермаркетинен баштап Алтын-Ордо конушуна чейин;
Кара-Жыгач конушунун түндүк тарабы;
Достоевский көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүк.
Кийинки жылы Бишкекке 120 электробус алып келинет. Жол киреси