Ысык-Көлдө алдыдагы аптада аба ырайы кандай болот

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Ысык-Көл облусундагы аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 12-18-декабрда аймак боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Эң жылуу деген мезгилдери абанын температурасы +4…+9 градуска жетет.
Бирок жолдор тоңуп тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлүүдө.
Сууктун мизи кайтабы? Келерки аптага карата Кыргызстандагы аба ырайы