Россиялык Магомад Анкалаев менен польшалык Ян Блаховичтин беттеши атаандаштык эле кармаш болмок. Бирок учурдагы чемпион Иржи Прохазка ийининдеги жаракатынан улам ыйгарым укуктарынан баш тарткан. Ошентип даражалуу курду Россия менен Польшанын спортчуларынын бирине ыйгарууга туура келди.
Калыстар аягында кармаш тең аяктады деген чечим чыгарды. Бир рефери жеңишти Блаховичке, экинчиси Анкалаевге ыйгарды, ал эми чечүүчү үчүнчү кармаш экөөнүн тең пайдасына чечилген жок.
Россиялык спортчу тараптагылар да, Блахович да ичи чыкпаган бойдон калышты. Биринчи жактагылар Анкалаевдин курун алып коюшту десе, экинчи мушкер түшүнбөй калганын, жеңбесе да уттурбаганын айтты. Ал беттешти кайрадан карап көрө тургандыгын кошумчалады.
Тема боюнча: