БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкекте ЕАЭБ саммити өтүп жаткан учурда тартип коргоо органдарынын, анын ичинде Кайгуул милициясынын иши да түйшүктүү болду. Суукта турган ал кызматкерлерге менчик мектептин окуучулары ысык чай, тамак берип камкордук көргөн видео тарады.
9-декабрда күн адаттагыдан суук болду. Милиционерлер албетте көчөдө нөөмөттө болушкан.
Кайгуул кызматынын маалымат бөлүмү алардын инспекторлоруна окуучулар чай алып келип берген ирмемдерди жарыялады.
Ведомство боорукер балдардын мындай демилгесине ыраазылык билдирди.