Радио

Шабданбаев: спорттук методикалык борбор түзүү пландалууда

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев спорттук адистерди даярдоого көңүл буруларын айтты.
Sputnik
Спорттук методикалык борбор түзүү пландалууда. Анткени спорт тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатып, учурдун талаптарына ылайык ыкмаларды колдонуу зарыл болуп турат. Бул тууралуу Канат Шабданбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Дене тарбия жана спорт департаменти Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы менен тыгыз иштешип, кадр саясатында алгылыктуу иш алып барат.
"Кадр маселеси спортто абдан орчундуу. Бүгүнкү күндө тармак реформага муктаж болуп турат. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийинки жылдары спортко тиешелүү көмөк болбой, көп адистер башка тармакка кетип калган. Учурда советтик мезгилдеги күчтүү спорттук адистер бизде бар. Ошолордун тажрыйбасын, билимин колдонуп калышыбыз абзел. Ага байланыштуу спорттук методикалык борбор түзүү пландалууда. Анткени спорт тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатып, учурдун талаптарына ылайык ыкмаларды колдонуу зарыл болуп турат. Мындан тышкары, Дене тарбия жана спорт департаменти Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы менен тыгыз иштешип, кадр саясатында алгылыктуу иш алып баруу керек. Себеби спорттук адистерди даярдоого көңүл бурулса эл аралык мелдештерде да көп ийгиликтер болор эле",— деди Шабданбаев.
Ошондой эле адис спортчулардын окуу-машыгуусун сапаттуу өткөрүүгө маани берилерин кошумчалады.