Месси голландиялык футболчунун супсунун суутканда. Окуянын видеосу

Аргентина менен Нидерланддын курама командаларынын чейрек финалында пенальтилер жеңүүчүнү аныктады. Оюн учурунда атаандаш спортчулар чукчуңдаша кетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Аргентинанын курама командасынын капитаны Лионель Месси нидерланддык футболчу Ваут Вегорстту "мээси жок" деп кагып-силккенин ЖМКлар жазды.
Бул Месси Аргентина — Нидерланддын чейрек финалынан кийин телеканалга маек берип жаткан учурунда болгон. Ага чейин футболчулар ойноп жатып тирешип кетишкен. Команда 2:0 менен жеңилип жаткан учурда Вегхорст башка оюнчунун ордуна көк майсаңга чыгып, эки жолу топ киргизип, эсепти теңдеген. Андан кийин Мессинин командасы пенальти учурунда жеңген.
"Эмне карап калдың, көк мээ? Кет, бул жерден", — деген аргентиналык чабуулчу атаандашына. Бул учур эфирден көрсөтүлгөн.
Месси мындай кадамын түшүндүрүп, Вегхорст Аргентина командасына кычаштык кылды деген жүйөсүн келтирген.
Ал эми нидерланддык футболчу Marca басылмасына таптакыр башка маанайдагы комментарийин берген. Ал Мессини абдан урматтагандыктан оюндан кийин куттуктап, колун кысуу ниети болгонун айткан.
"Колумду силкип салып, мени менен сүйлөшкүсү келбегендигин билдирди. Мен испанча анча жакшы билбейм, бирок жагымсыз эле сөз айтканын баамдадым. Албетте, бул көңүлдү кайт кылган нерсе", — деген спортчу.
Америкалык комментатор футбол чемпионаты учурунда каза болду