Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

МАГАТЭ башчысы: Запорожье АЭСине ок аткандар эмне кылып жатканын жакшы билишет

МАГАТЭ атомдук электр станциясынын айланасында коргоочу зонаны түзүү маселесин карап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Запорожьедеги атомдук электр станциясында ок аткандар эмне кылып жатканын билишет. Мындай пикирин Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросси билдирди.
Анын айтымында, Запорожье АЭСинин айланасында коргоочу зонаны түзүү — АЭСти атууга болбойт дегенди түшүндүрөт.
"Ооба, бул татаал түшүнүк. Анткени ок атышууну токтотуу же демилитаризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жок. Бирок станциядан же станциянын аймагына ок чыгарбагыла. Өйдөдөн да, ылдыйдан да, жер астынан да атпагыла. Муну жасагандар эмне кылып жатканын жакшы билишет", — деп МАГАТЭнин башчысынын айтканын РИА Новости жазды.
Бул аптада Гросси Запорожье атомдук станциясынын айланасындагы коргоо зонасы макулдашылышы мүмкүн экенин жана жакынкы аралыкта иштей баштаарын четке каккан жок. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москва МАГАТЭге Запорожье атомдук электр станциясынын айланасында коопсуздук зонасын түзүү боюнча конкреттүү параметрлер менен сунуштарды жибергенин, алар агенттикте каралып жатканын билдирди.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы. Ар биринин кубаттуулугу 1 гигаватт болгон алты энергоблок бар. Март айынан бери ал Россия аскерлеринин коргоосунда. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадам өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын сыртка чыгышына жол бербөө үчүн негиздүү болгонун белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
МАГАТЭ: Запорожье АЭСиндеги кырдаал кооптуу, коргоо зонасын түзүү каралууда