Дүйнө чемпионатынын бардык жарым финалчылары аныкталды

Оюндар 14-25-декабрда өтмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын бардык жарым финалчылары белгилүү болду.
Кечээ кечинде учурдагы чемпион Франция Англия курама командасын 2:1 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын 1/2 финалына жолдомо алды. Англиялыктар акыркы мүнөттөрдө эсепти теңдеп, убакытты кошумча убакытка өткөрүшү мүмкүн эле, бирок капитан Харри Кейн пенальтини жакшылап жасай алган жок.
Жарым финалга чыккан командалар:
Хорватия — Аргентина. Оюн 14-декабрда Бишкек убактысы менен саат 01:00дө башталат.
Франция — Марокко. Таймаш 15-декабрда саат 01:00дө башталат.
Марокко командасы тарых жаратып, дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты