БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкекте 11, 12 жаш курактагы алты бала автокырсыктан жабыркады. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Авария Ала-Арач көчөсү менен Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, Toyota — MR2 менен Wish кагышкан.
Жабыркаган балдардын баарын борбор калаадагы №3 ооруканага жеткиришкен.
ЖКККББ эки автоунаа тең оң рулдуу экендигин айтып, автоунааны ашып өтүү жана оң рулдуу автокөлүктүн маневр жасоо убагында тиешелүү тартипти бекем сактоонун зарылдыгын эскертишти.