Кар жаайбы? Баткендеги эмки аптадагы аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Баткен облусу боюнча аба ырайы кандай болорун билдирди.
Маалыматка караганда, 12-18-декабрда аймак боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн суук -5…-10 градуска түшкөн учурлар болот.
Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ысык-Көлдө алдыдагы аптада аба ырайы кандай болот