Радио

Осмонов: жүрөк кемтиги тукум кууйт

Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов жүрөк кемтиги оорусу ата-энесинен болбосо да 2-3-муундагы туугандарынан өтүшү ыктымалдыгын айтты.
Sputnik
Жүрөк кемтигинин эки түрү бар. Биринчиси тубаса, экинчи түрү кийин пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жүрөк кемтигин дарылоо ыкмалары да бири-биринен кескин айырмаланат.
"Жүрөк кемтиги дарты тукум кууйт. Айрым учурда ата-энесинде жок, бирок чоң аталарынан же андан да мурдагы бабаларынан өтүп калат. Ошол эле учурда  атасы же башка тууганы бул дарттын оор түрү менен жабыркаса бала төрөлгөндө эле бул дарт менен жарыкка келиши ыктымал. Жүрөк кемтиги бар адмдардын баарынын оорусу бирдей деп айтууга болбойт, андыктан аларды дарылоо ыкмалары да бири-биринен кескин айырмаланат. Кээ бирөөлөргө операция дароо талап кылынса, башкаларына убакыт керектелет, дагы бирөөнө операциянын кажети жок, өзү айыгып кетиши мүмкүн. Жүрөк кемтиги менен төрөлгөндө анын булчуңдарында же жүрөк камераларынын арасында, болбосо карынча, кулакчаларынын арасында тешик болот. Жүрөктөн чыккан чоң артериялардын тардыгы же жетишсиздиги, булардын ар биринин чогуу кездешкен комбинациясы, айтор, жүрөк кемтигинин түрү көп. Кандай түрү болгон күндө да кычкылтек менен камсыз болгон кан жүрөккө тоскоолдуксуз жетеби, ошого кемтиктин таасири канчалык экени абдан маанилүү. Ушулардын баарына маани берүү менен операция зарылдыгы аныкталат. Аял кош бойлуу кезде түйүлдүктүн алгач жүрөгүнүн түтүкчөлөрү пайда болуп, бешинчи жумада гана жүрөктүн формасы пайда болот. Андан соң тамырлар өз ордун ээлей баштайт. Ошондуктан кош бойлуу аялдардын боюна бүткөндөн 18-күнүнөн тарта 12-аптасына чейинки учуру — ымыркайдын жүрөгүнүн калыптанышынын эң маанилүү мезгили. Бул кезде болочоктогу эне күмөндүү дарыларды ичпей, таза абада көп болуп, жакшы тамактанып, тынч уктап, чылым, спирт ичимдиктеринен алыс болгону дурус", — деди Осмонов.
Кардиолог кийин пайда болуучу жүрөк кемтигин алдын алуу үчүн биринчи кезекте алкоголдук ичимдиктерди ичпей, чылым чекпей жана дайыма кыймылда жүрүү зарылдыгын кошумчалады.